Бүгүн, 14-январдагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин отурумунда “Балдар жана жаштар арасында баңгизат каражаттарды, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракеттенүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору экинчи окууда каралып, колдоого ээ болду.
Демилгечи – Жогорку Кеңештин депутаттары Медербек Алиев, Аида Исатбек кызы.
Мыйзам долбоору Граждандык кодекске, Кылмыш-жаза кодексине, Укук бузуулар жөнүндө кодекске, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине жана “Баңгизат каражаттары, психотроптук заттар, алардын аналогдору жана прекурсорлору жөнүндө” мыйзамга түзөтүүлөрдү киргизүүнү сунуштайт, анткени акыркы жылдарда коомдо “аптекалык баңгичилик” деп аталып, күчтүү таасир берүүчү дары каражаттарын кыянаттык менен пайдаланууга байланышкан кооптуу тенденция байкалууда.
Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин, Кыргыз Республикасынын Кылмыш- жаза процессуалдык кодексинин терминологиясын жана “Баңгизат каражаттары, психотроптук заттар, алардын аналогдору жана прекурсорлору жөнүндө” мыйзамынын ар кандай психоактивдүү заттардын укуктук жобосуна тиешелүү бөлүгүн (алкоголь, баңгизат каражаттары, психотроптук жана күчтүү таасир берүүчү заттар, баңгизат каражаттарынын аналогдору, баңгизат каражаттарын камтыган тирүү организмдер, психотроптук заттар, алардын аналогдору жана прекурсорлору) бирдей терминдер менен баяндоо сунушталат.
Баңги кылуучу каражаттарды колдонууга жарнамалоого жана эл алдында чакырыктарга, баңги кылуучу каражаттарды камтыган дары-дармек каражаттарын алууга укук берүүчү рецепттерди же башка документтерди мыйзамсыз берүүгө багытталган аракеттер үчүн жазаны күчөтүү сунушталууда.
Мындан тышкары, комитет «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине)» мыйзам долбоорун карап, үчүнчү окууда жактырды.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/