Электр энергиясынын жалпы жоготуулары дээрлик 15% жетти – ИА Караван Инфо
Электр энергиясынын жалпы жоготуулары дээрлик 15% жетти

Бүгүн, 14-январдагы Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин жыйынында Кыргыз Республикасынын энергетика министрлиги тарабынан энергетика тармагындагы ачык-айкындуулукту камсыз кылуу, мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат угулду.

Аталган маселе боюнча Энергетика министри Таалайбек Ибраев маалымат берип, коррупцияга каршы мамлекеттик саясатын ишке ашыруу багытында министрлик тарабынан көрүлүп жаткан чараларга, муну менен катар жалпы энергетика тармагындагы абалга токтолду.

Талкуу маалында комитет мүчөлөрү министрликтин маалыматына ылайык, электр энергиясынын жалпы жоготуулары дээрлик 15% жеткенин айтып, бул көрсөткүчтү төмөндөтүү боюнча тиешелүү аракеттерди жүргүзүүгө чакырышты.

Андан тышкары, жыйында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын өнөр-жай тармагындагы ачык-айкындуулукту камсыз кылуу, мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалымат угулуп, эске алынды.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: