Тынчтык корпусу Кыргызстан менен кызматташтыкты улантууга кызыкдар – ИА Караван Инфо
Тынчтык корпусу Кыргызстан менен кызматташтыкты улантууга кызыкдар

Бүгүн, 14-январда, министрдин орун басары Лира Самыкбаева Тынчтык корпусунун Кыргызстандагы директору Хойт Брайан Йии менен жолугушту.

Тараптар кызматташуу боюнча меморандумга кол коюу мүмкүнчүлүгүн да карап чыгышты. Ошону менен бирге Тынчтык корпусунун иши жана министрликтин демилгелери жөнүндө калкты жана билим берүү мекемелерин кабардар кылуу үчүн социалдык тармактарды жана медианы колдонуу боюнча пландарды талкуулашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө министрликтин өкүлдөрү билим берүү системасындагы жүргүзүлүп жаткан реформалар, анын ичинде “Алтын Казык” программасы, 12 жылдык билим берүүгө өтүү, STEM-дисциплиналарды киргизүү жана мектептерде англис тилин тереңдетип окутууу маселелери боюнча маалымат беришти.

Жолугушуунун соңунда тараптар Кыргыз Республикасында билим берүүнүн сапатын жакшыртууга багытталган үзүрлүү кызматташтыкты улантууга даяр экендигин билдиришти.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: