Өткөн жумада Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө-мамлекеттердин айыл чарба министрлеринин 9-жыйыны онлайн режиминде өткөнүн ШКУнун Пекиндеги катчылыгы билдирди.

Иш-чарага ШКУга мүчө-өлкөлөрдүн жана Беларусь Республикасынын айыл чарба тармагындагы ыйгарым укуктуу министрликтеринин жана ведомстволорунун жетекчилери, ошондой эле ШКУ Катчылыгынын жана Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) өкүлдөрү катышты.
Делегациянын катышуучулары ШКУнун айыл чарба тармагындагы кызматташуусунун учурдагы абалын жана келечегин талкуулашты, айыл чарба продукциялары менен соода көлөмүн көбөйтүү боюнча биргелешкен чараларды талкуулашты жана заманбап шарттарда өз ара аракеттенүүнү мындан ары өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн карашты.
Жолугушуунун жүрүшүндө делегация башчылары ШКУга мүчө-өлкөлөрдүн ортосунда айыл чарба өсүмдүктөрүнүн селекциясы жана үрөнчүлүк тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү программасын бекитишти, ошондой эле жыйындын протоколуна кол коюшту.
Сүрөттө: ШКУнун Пекиндеги катчылыгы