Тышкы иштер министринин орун басары Темирбек Эркинов Кыргызстандагы (резиденциясы Ташкент шаарында жайгашкан) Палестинанын элчиси доктор Джавад Авад менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМден кабарлашты.
Маалыматка ылайык, жолугушуу учурунда тараптар Газа секторундагы учурдагы кырдаал боюнча пикир алмашып, кыргыз-палестин мамилелерин өркүндөтүү боюнча мүмкүн болгон багыттарды талкуулашты.
Анда ошондой эле саясий диалогду чыңдоого, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүүгө өз ара кызыгуулар белгиленди.
Тараптар Газа секторундагы куралдуу кагылышуулардын мүмкүн болушунча тез арада токтошуна үмүттөнүп, эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары дагы бекемдөөгө берилгендигин тастыкташты.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/