Ноокаттын Ак-Булак айылына 37 даана видео көзөмөл орнотулду – ИА Караван Инфо
Ноокаттын Ак-Булак айылына 37 даана видео көзөмөл орнотулду

Ноокат районунун Ак-Булак айылында 15-январда 37 даана видео көзөмөл орнотулуп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Ош облустук милициясынын басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, видео көзөмөлдөрдү орнотуу демилгеси РИИБ тарабынан уюштурулган элдик жыйында көтөрүлүп, жергиликтүү тургундар колдоого алышкан.

Эми милиция кызматкерлери жана айыл тургундары аталган айылдагы бардык кыймыл аракеттерди көзөмөлгө алып туруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Мындан ары айыл ичинде видео байкоого жазылып калган ар бир укук бузуу жана кылмыштуу аракеттер боюнча тийиштүү мамлекеттик кызматтар өз ыйгарым укуктарына жараша чара колдонушат.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: