Ош милициясы тарабынан издөөдө жүргөн жаран Россиянын аймагында кармалды – ИА Караван Инфо
Ош милициясы тарабынан издөөдө жүргөн жаран Россиянын аймагында кармалды

Ош облустук милициясы тарабынан издөөдө жүргөн 1993-жылы Ноокат районунда туулган Т.Н., аттуу жаран Россия Федерациясынын аймагынан кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти. 

Ал 2016-жылдан бери КР Кылмыш-жаза кодексинин (01.10.1997 № 68 эски редакция) 155-беренесиинин (Аялды никеге турууга мажбурлоо, никеге туруу үчүн аны ала качуу же анын никеге турушуна тоскоолдук кылуу) негизинде козголгон кылмыш ишине шектелип, издѳѳгѳ алынган.

Учурда шектүүнү Кыргызстандын аймагына экстрадициялоо маселеси чечилүүдө.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: