Орунбеков: Бишкектеги Лениндин эстелиги өз ордунда турат
Бишкектеги Лениндин эстелиги өз ордунда турат жана тура берет. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Анын айтуусуна караганда, Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев Лениндин эстелигине тийбей туруу өтүнүчү менен билдирүү жасады.
“Бирок эстеликке эч ким тийген жок жана аны алып салуу боюнча эч кандай пландар жок. Ал өз ордунда турат жана тура берет. Толук маалыматты тактабай туруп, кабатыр болууга негиз жок экенин билдирем. Бардык талкуулар реалдуулукка жана так маалыматка негизделиши керек”, – деди ал.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/