Бишкекте 14-январда Борбордук Азия аймактык экономикалык кызматташтык катчылыгынын миссиясынын АӨБ башкы кеңсеси менен болгон иш сапарынын алкагында Кыргызстандын тартылган мамлекеттик органдарынын сектордук координаторлору менен жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу Экономика министрлиги кабарлайт.
2025-жылы БАРЭК программасынын төрагалыгы (Борбордук Азия аймактык экономикалык кызматташтык программасы) Кыргыз Республикасында өтөт, буга байланыштуу БАРЭК сектордук координаторлорунун кыргыз тараптан Азия өнүктүрүү банкынын консультативдик миссиясы менен жолугушуусу болуп өттү.
Иш-чаранын негизги максаты болуп 2025-жылы БАРЭКке Кыргыз Республикасынын натыйжалуу төрагалык кылуу маселелерин талкуулоо жана 2025-жылга БАРЭК приоритеттерин жана потенциалдуу флагмандык иш-чараларды талкуулоо, БАРЭК программасы боюнча жогорку деңгээлдеги сектордук жана өтмө маселелер, БАРЭК аймактык долбоорлорунун портфелин өнүктүрүү, төрагалык кылуунун алкагында иш-чараларды, демилгелерди уюштуруу жана өткөрүү боюнча сунуштар кирет
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/