КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов Баткен шаарынын эли, ишкерлери менен жолукту. Жолугушууга тийиштүү мамлекеттик органдардын жетекчилери да катышып, көтөрүлгөн маселелер боюнча суроолорго жеринде жооп берилди.
Жашоочулар таза суу, канализация, турак жай куруу үчүн жер тилкесин берүү, бала бакча куруу, базарды, автобекетти жылдыруу, жол тыгындарын чечүү, эс алуу парктарынын курулушун тездетүү маселелери боюнча кайрылышты. Ошондой эле ишкерлерди колдоо, таштандыдан арылуу, шаардын инфраструктурасын чыңдоо, экономикасын көтөрүү боюнча сунуш пикирлерин ортого салышты.
Облус башчысы жашоочуларды шаарды иретке келтирүүгө жоопкерчиликтүү мамиле жасоого үндөп, ар бир тургун өз кызыкчылыгын эмес, жалпы шаардын тургундарынын ыңгайлуулугун эске алуу менен, тазалыкты, тартипти сактап, мыйзам чегинде иш алып барууга чакырды.
Ошондой эле,
Белгилей кетсек, алдыда ыйгарым укуктуу өкүлдүн эл менен жолугушуулары ар бир район-шаарда өтөт.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/