Көк-Мойнок-Кубакы жолу таштандыдан тазаланды
«Кыргызавтожол-Түндүк» мамлекеттик ишканасынын №955 Жол тейлөө мекемесинин жолчулары тарабынан Көк-Мойнок-Кубакы унаа жолунун тайгак тилкелерине инерттик материалдарды чачуу менен таштандыларды тазалоо иштери аткарылды.
Анда жолдун 0-26-чакырымдар аралыгында ыргытылган таштандылар жана башка тиричилик калдыктары чогултулду.
Айрыкча Орто-Токой суу сактагычына токтоп, жаратылышка суктанып, башкысы коопсуз жерде сүрөткө түшүү максатында атайын тосмолор тосулган жайдын (фотозона) айланасы таштандыга тез толуп, байма-бай тазаланып турат.
Мындан улам, Транспорт жана коммуникциялар министрлиги жарандарды табият менен таттуу мамиледе болуп, жолго таштанды таштабоого чакырат.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/