Кыргызстандагы 10 райондун акими Түркияда бир жумалык окуудан өтөт – ИА Караван Инфо
Кыргызстандагы 10 райондун акими Түркияда бир жумалык окуудан өтөт

2025-жылдын 19-январынан 26-январына чейин Кыргызстандын 10 районунун мамлекеттик администрация башчылары – акимдери Түркия Республикасында бир жумалык окууга барышат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин маалымат катчысы билдирди.

Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдогандын Бишкекте болгон жолугушуусунда жетишилген макулдашуулардын алкагында уюштурулууда. Ал жолугушууда эки өлкөнүн стратегиялык кызматташтыгын кеңейтүүгө жана мамлекеттер аралык мамилелерди мындан ары чыңдоого багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлган.

Аталган меморандумдун негизинде, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Кудайберген Базарбаев менен Түркия Республикасынын Президентинин Аппаратынын Адам ресурстары боюнча кеңсесинин жетекчиси Салим Атай мырза тыгыз кызматташтыкты жүргүзүшүүдө. Бул кызматташуунун натыйжасында Кыргызстандын мамлекеттик жана жергиликтүү башкаруу органдары үчүн бир катар билим берүү жана тажрыйба алмашуу программалары ишке ашырылууда.

Түркиядагы окуу программасы мамлекеттик жана жеке секторду башкаруу боюнча заманбап ыкмаларды үйрөнүүгө, айыл чарба тармагын заман талабына ылайык өнүктүрүүгө жана трансформациялык өзгөрүүлөрдү жүргүзүүгө багытталган. Сабактарда эл аралык тажрыйбаны изилдөө, аймактык өнүктүрүүдө инновациялык ыкмаларды колдонуу, ошондой эле социалдык-экономикалык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча теориялык жана практикалык билимдер берилет.

Тизме:

Окуу Түркиянын  министрликеринде жана мамлекеттик органдары менен биргеликте уюштурулуп, аймактык башкаруу тармагындагы мыкты тажрыйбаларды өздөштүрүүгө шарт түзөт. Мындан тышкары, катышуучулар Түркиянын ийгиликтүү долбоорлорунун үлгүлөрү менен таанышып, бул ыкмаларды Кыргызстанда колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашат. Ошондой эле баардык каржылоону Түркия мамлеккетти өз карамагына алган.

Бул иш-чара Кыргызстандын мамлекеттик кызматкерлеринин компетенттүүлүгүн жогорулатуу жана эки өлкөнүн кызматташтыгын бекемдөө жаатында маанилүү кадам болуп саналат

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: