Мурдагы «Ганси» борборунда 6,7 млн сомдук мүлк кымырып алынгандыгы аныкталды, деп билдирет Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, Аскер прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Коргоо Министрлиги менен биргеликте Бишкек турак-жай пайдаланууну камсыздоо базасында жүргүзүлгөн текшерүүдө, мурдагы “Ганси” транзиттик ташуулар борборунда сактоодо турган 6 700 600 сомдук материалдык баалуулуктарды мыйзамсыз ыйгарып алуу фактысы аныкталды.
Аталган факты боюнча Аскер прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын КЖКнин 337-беренеси (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) жана 210-беренеси (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) боюнча кылмыш иши козголду.
Учурда мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу иштерин жүргүзүү менен кылмышка тиешелүү башка адамдарды аныктоого багытталган ыкчам тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/