Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгы 2024-жылдын ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарды – ИА Караван Инфо
Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгы 2024-жылдын ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарды

2025-жылдын 17-январында Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгында 2024-жылга карата Чүй облусунун ички иштер органдарынын ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгаруу боюнча отурум болуп өттү.

Жыйынга Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майору Эркебек Аширходжаев, Чүй облусунун ИИББнын башчысы, милициянын полковниги Каныбек Абдырахманов, анын орун басарлары, борбордук аппаратынын башкармалыктарынын жана кызматтарынын жетекчилери, шаардык жана райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн жетекчилери катышты.

Алгач жыйындын башында Ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев кызматтык милдеттерин ак ниеттүүлүк менен аткарып, ийгилик жараткан кызматкерлерге “Кесиби боюнча мыкты – 2024” наамын ыйгарып, ар бирине Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбековдун атынан белек катары эс алууга жолдомо берип, эң мыкты ардагерлер кеңештерине белектерди тапшырды.

Жыйындын жүрүшүндө Чүй облусунун ички иштер органдарынын 2024-жылдагы ыкчам кызматтык ишмердүүлүгү каралып, Чүй облусунун ИИББнын башчысынын орун басары, милициянын полковниги Мирланбек Насиров, коомдук тартипти сактоо жана кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө аткарылган иштердин жыйынтыгын белгилеп, кылмыштардын ачылыш деңгээли өткөн жылга салыштырмалуу 11,7% га жогорулаганын билдирди. Ошондой эле бул отурумда  Чүй облустук ИИББнын борбордук аппаратынын башкармалыктарынын жана шаардык райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн жетекчилери баяндама жасашты.

Ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев кызматкерлер арасында мыйзамдуулукту жана кызматтык тартипти бузбоого чакырып, терс иш-аракеттерге барган кызматкерлерге катуу чара көрүлө тургандыгын эскертип,  облус аймагындагы коомдук коопсуздукту камсыздоо иш-чараларын күчөтүүнү белгиледи.

Ыкчам кеңешменин жүрүшүндө тиешелүү талаптарды төмөн аткарган бир катар жетекчилерге тартиптик жазалар берилип, соңунда 2025-жылга карата конкреттүү тапшырмалар коюлду.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: