2025-жылдын 15-январында Кыргыз Республикасынын Алматы шаарындагы Башкы консулдугунда Башкы консул Ж.Асанкулов Алматы шаарында жашаган кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен кезектеги жолугушууну өткөрдү.
Жолугушуунун башында Башкы консул Кыргызстандын 2024-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүндөгү жетишкендиктери жана Башкы консулдуктун 2024-жылдын жыйынтыгы менен аткарылган иштери жана өнүгүүнүн келечеги тууралуу айтып берди.
Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө Алматы шаарында соода үйүн ачуу, консулдук округда иштеген атамекендик ишкерлердин арасында бизнес-клубун түзүү, барган өлкөнүн мыйзамдарын так сактоо, КР жарандарын экстремисттик жана террористтик багыттагы кылмыштарга тартууга каршы аракеттенүү, ошондой эле баңги кылмыштарына жол бербөө боюнча алдын алуу аракеттери жана эмгек мигранттарынын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу маселелери каралды.
Жолугушуунун соңунда Башкы консулдуктун кыргыз диаспорасы жана консулдук округдун аймагында жашаган мекендештер менен 2025-жылга карата өз ара аракеттенүү Планынын долбоору талкууланып, бекитилди жана мындан аркы кызматташуунун келечеги тууралуу пикир алмашуу болду. Ошондой эле Башкы консул Ж.Асанкулов Алматы шаарында жашаган мекендештерибиздин кызыктырган жана көйгөйлүү суроолоруна жооп берди.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/