«Ата-Журт Кыргызстан» фракциясы Гидрометеорологиялык кызматтын ишмердүүлүгү менен таанышты – ИА Караван Инфо
«Ата-Журт Кыргызстан» фракциясы Гидрометеорологиялык кызматтын ишмердүүлүгү менен таанышты

Бүгүн, 17-январдагы Жогорку Кеңештин «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынын көчмө жыйынында депутаттар Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорологиялык кызматынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Иш-чарага тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү да катышты.

Алгач эл өкүлдөрү Гидрометеорологиялык кызматтын «Бишкек» бириккен гидрометеорологиялык станциясына барышты. Станциянын иши тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Азамат Мамбетов, Гидрометеорологиялык кызматтын директору Нуртемир Мурзабеков маалымат беришти. Алардын айтымында, аталган объектте күнү-түнү 20 кызматкер иштейт, метео аянтча, абанын сапатын көзөмөлдөөчү станция бар.

Андан соң «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясы лабораториянын абалы менен таанышып, аталган кызматтын азыркы абалы, жетишкендиктери жана көйгөйлөрү тууралуу маселелерди талкуулады.

Гидрометеорологиялык кызматтын директору Нуртемир Мурзабеков автоматтык метеостанциялардын, агро жана гидропосттордун ишине токтолуп, кызматкерлердин айлыгы 13-15 миң сомду түзөрүн белгиледи. Ал кошумчалагандай, Бишкек жана Ош шаарларында автоматтык станцияларды орнотуу үчүн жер тилкелерин бөлүп берүү маселесин чечүү зарыл.

Көчмө жыйындын жүрүшүндө депутат Камила Талиева метеорология адистерин даярдоо, иш шарттарын түзүү жана кызматкерлердин эмгек акысын жогорулатуу маселелерин көтөрүп, муну менен катар жер астындагы сууларды жана атмосфераны булгануудан коргоо, мөңгүлөрдү сактоо маселелерине өзгөчө көңүл бурду.

Ал эми депутат Надира Нарматова көтөрүлгөн маселелерди Жогорку Кеңештин жыйынында карап чыгууну сунуштаса, депутат Алишер Козуев лабораториянын жаңы имаратын куруу, заманбап жабдууларды сатып алуу жана кызматкерлердин эмгек акысын жогорулатуу керектигин кошумчалады. Эл өкүлү Арсланбек Эгембердиев калкты үшүк жүрүшү тууралуу кабардар кылуу, Өтмөк жана Боом ашууларында онлайн камераларды орнотуу маселелерин тактады.

Андан тышкары, депутат Гүлшаркан Култаева абанын булганышынын деңгээлин көзөмөлдөө жана бул багыттагы маалыматтардын ишенимдүүлүгү боюнча маселелерди көтөрдү. Эл өкүлү Айбек Маткеримов Бишкек жана Ош шаарларында автоматтык станцияларды орнотуу үчүн жер тилкелерин бөлүп берүү маселесин ыкчам түрдө чечүү керектигин айтты.

Муну менен катар депутат Жылдыз Садырбаева Гидрометеорологиялык кызматтын долбоорлорун ишке ашыруу, станцияларды ачуу жана ландшафттык-экологиялык изилдөөлөр маселелерин ортого салды. Өз кезегинде «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынын лидери Бактыбек Сыдыков көчмө жыйындын жүрүшүндө белгиленген бардык маселелер көзөмөлгө алынарын жана аларды чечүү боюнча бардык тиешелүү чаралар көрүлөрүн баса белгиледи.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: