Казакстандын Өкмөтү өнөр жайдын өндүрүш тармагын өнүктүрүүнүн негизги багыттарын белгиледи. Атап айтканда, жогорку кошумча нарктуу сырьёлорду чыгарууга багыттоо чечими кабыл алынды.

Бул үчүн жаңы Салык кодексинин долбоорунда өндүрүшчүлөргө жеңилдиктер каралган.
«Жаңы Салык кодексинин долбоорунда салыктын ставкалары продукциянын татаалдыгына жараша аныкталат. Эгерде ишкана жогорку кошумча нарктуу продукцияны чыгарса, салыктын ставкалары төмөн, ал эми сырье чыгарса, салыктын ставкасы ошого жараша жогору болот. Бул маанилүү иш-чара өндүрүштүн өнүгүшүнө өбөлгө болот”, -дейт Олжас Бектенов.
Казакстандын премьер-министри ошондой эле мындай учурда пайданын басымдуу бөлүгү өлкөдө калып, экономиканы диверсификациялоо деңгээли жогорулай турганын баса белгиледи.
Сүрөт: Казакстан Республикасынын Премьер-министринин расмий маалымат ресурсу