Беларусь президенти Александр Лукашенко Монголияга жасаган иш сапарынын алкагында Иркутск шаарына келди — ИА Караван Инфо
Беларусь президенти Александр Лукашенко Монголияга жасаган иш сапарынын алкагында Иркутск шаарына келди

Беларусь президенти Александр Лукашенко Орусияга иш сапары менен келди. БЕЛТА маалымат агенттиги билдиргендей, беларус лидеринин учагы Иркутскиге конду. Буга чейин мамлекет башчысы Улан-Батордо мамлекеттик сапар менен болгон.

Монголияда президент А.Лукашенко тар жана кеңейтилген курамда расмий сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Жолугушуунун жыйынтыгында соода-экономикалык чөйрөдө кызматташууну мындан ары кеңейтүү, Беларусь ишканаларынын продукциясын Монголиянын рыногуна жеткирүүнүн көлөмүн көбөйтүү, ошондой эле айыл чарба тармагындагы кызматташтыкты бекемдөө боюнча макулдашууларга жетишилди

Учурда Беларусь президенти Иркутскиде иш сапары менен жүрөт. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Беларусь менен аймактын ортосундагы өз ара аракеттенүү маселелери, ошондой эле ар түрдүү тармактарда, анын ичинде айыл чарба жана өнөр жай тармагында кызматташууну өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланат деп күтүлүүдө.

Сүрөт: Belta.by

error: