ТИМ Кореяда жүргөн кыргызстандыктарды сактык чараларын күчөтүүгө чакырат – ИА Караван Инфо
ТИМ Кореяда жүргөн кыргызстандыктарды сактык чараларын күчөтүүгө чакырат

Кореядагы акыркы окуяларга байланыштуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Кореянын аймагында жүргөн КР жарандарын сактык чараларын күчөтүүгө жана зарылдык болбосо жашаган жерлеринен чыкпоого чакырат.

“Коопсуздукту камсыздоо максатында жергиликтүү бийлик органдарынын көрсөтмөлөрүн так аткарууну жана массалык иш-чараларга катышуудан толук баш тартууну өтүнөбүз”, – деп айтылат маалыматта.

Өзгөчө кырдаалдар жаралган учурда Кыргызстандын Кореядагы элчилигине төмөнкү байланыш номер аркылуу кайрылууга болот: +82 10 9798 0951.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: