Бүгүн, 20-январдагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында «Кыргыз Республикасынын калкынын радиациялык коопсуздугу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору жөнүндө биринчи окууда каралып, колдоо тапты.
Демилгечилер – Жогорку Кеңештин депутаттары Марлен Маматалиев, Алишер Козуев, Улан Примов, Камила Талиева, Чингиз Айдарбеков.
Жыйында баяндама жасаган демилгечилердин бири, депутат Марлен Маматалиев белгилегендей, мыйзам долбоору радиациялык коопсуздук чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүү, калктын саламаттыгын жана айлана-чөйрөнү коргоо максатында иштелип чыккан. Ошондой эле экологиялык туруктуулукту жана жаратылыш ресурстарын сактоону камсыз кылуу үчүн айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы эл аралык стандарттарга максималдуу шайкеш келтирүү үчүн колдонуудагы мыйзамдарды кайра карап чыгуу зарылчылыгы белгиленген 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн Улуттук программасын ишке ашыруу максатында иштелип чыккан.
Талкууда депутат Алишер Эрбаев мыйзам долбоорунда айрым түшүнүктөр эске алынбай калганын белгилеп, бир катар беренелер боюнча суроолорду тактады. Депутат Нилуфар Алимжанова мыйзамды ишке ашырууда каржылоо булактарынын зарылдыгына токтолуп, радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу багытында мамлекеттик мекемелерге кошумча милдеттер жүктөлгөнүн билдирди.
Мындан тышкары жыйында “Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда жактырылды.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/