Кыргыз Республикасынынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 1-октябрындагы №510 токтому менен бекитилген “2021-2025-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү программасына” ылайык, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин “Кинематографиялык продукцияларды тартуу жана чет элдик фильмдерди кыргыз тилине которуу” тапшырмасын ишке ашыруу максатында, Т.Океев атындагы “Кыргызфильм” улуттук киностудиясы “Алчы ТОП” дистрибьютордук компаниясы менен биргеликте түркиялык “Сиэгэн фильм” киностудиясынын “Карина” тасмасынын кыргыз тилиндеги дубляжын жасады.
Тасма 2014-жылы Якутияда тайгада жоголуп, 12 күндөн кийин аман-эсен табылган Карина Чикитованын чыныгы окуясынын негизинде тартылган үй-бүлөлүк драма. Бул окуя азыркыга чейин унутулбай, дүйнө элинин кыздын тагдырына болгон кызыгуусун арттырып келет. Тасманын кыргызча дубляждалган версиясынын бет ачары 21-январь күнү Бишкекте өтөт.
Кыргызстандын белгилүү чыгармачыл инсандары, блогерлери жана медиа өкүлдөрүнүн катышуусу күтүлгөн иш-чарага тасманын режиссеру Марианна Сиэгэн менен бирге башкы каарман Каринанын ролун аткарган кичинекей актриса София Прибылых да конок болмокчу. Ал эми бардык кино сүйүүчүлөр тасманы 23-январдан баштап кинотеатрларда көрө алышат.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/