Арал-Казарман унаа жолуна түшкөн таштар тазаланды
Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун Арал-Казарман тилкесинде (243-296-чакырымдар аралыгы) тоо боорунан кулаган таштар тазаланды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Жумуштар аймакты караган № 18 Жол тейлөө ишканасынын (ЖТИ) кызматкерлери тарабынан аткарылды.
Мындан тышкары, жолчулар Казарман-Акталчат унаа жолундагы (Кара-Гөө ашуусу) тайгак тилкелерге инерттик материалдарды себүү иштерин жүргүзүп жатышат.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/