Жаратылыш ресурстары министри: Эң күчтүү ыш 2021-2022-жылдары катталган – ИА Караван Инфо
Жаратылыш ресурстары министри: Эң күчтүү ыш 2021-2022-жылдары катталган

Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети “Ыш менен байланышкан экологиялык абал жөнүндө” КР Жогорку Кеӊешинин 2023-жылдын 3-майындагы №1147-VII токтомунун аткарылышы тууралуу маалымат укту. 

Бул багытта жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиев жана Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев маалымат берди. 

Медер Машиев мамлекеттик органдардын ишинин натыйжасында Бишкек менен Чүй облусунда акыркы жылдары ыш азайганын билдирди.

Анын айтымында, эң күчтүү ыш 2021-2022-жылдары катталган. 2023-жылы Ведомстволор аралык комиссия түзүлүп, ага 11 министрлик жана ведомство башчыларынын орун басарлары кирген.

Анын айтуусунда, эл аралык уюмдардын изилдөөсүнө ылайык, абанын булганышынын негизги себептери турак — жай конуштарында көмүрдүн күйүшү — 40%, эски машиналардын чыккан газы — 30%, ЖЭБ — 15%, чаң — 13,5%, өндүрүш ишканалары-1,5%.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: