Ысык-Көлдө учууга жөндөмсүз болгон ак куу куткарылды – ИА Караван Инфо
Ысык-Көлдө учууга жөндөмсүз болгон ак куу куткарылды

Ысык-Көл облусуна караштуу Кызыл-Суу айыл аймагынын Пристань участкасында 19-январда көл жээгинен жергиликтүү тургундар учууга жана басууга жөндөмсүз абалда болгон ак кууну табышкан. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, табылган ак куу жабыркаган абалда болуп, дароо тиешелүү жардам көрсөтүү үчүн чаралар көрүлдү.

Жаратылышка аяр мамиле кылуу максатында ак куу “Бугу Эне” коомдук фондунун Каракол шаарындагы зоопаркына өткөрүп берилди. Ал жерде адистердин көзөмөлүндө ак куунун саламаттыгы калыбына келтирилмекчи.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: