“Бишкекжарык” ишканасы шаардын жаңы райондорун жарыктандырууну улантууда – ИА Караван Инфо
"Бишкекжарык" ишканасы шаардын жаңы райондорун жарыктандырууну улантууда

“Бишкекжарык” муниципалдык ишканасы борбордун бардык райондорунда тышкы жарыктандыруу системасын жакшыртуу боюнча иш алып барууда, деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы. 

Жүргүзүлгөн иштердин алкагында жаңы чырактар эми Орок жана Новопавловка муниципалдык аймагындагы көчөлөрдү жарыктандырат, алар административдик-аймактык реформанын алкагындагы өзгөрүүлөрдөн кийин Бишкек шаарынын Ленин районунун бир бөлүгү болуп калган.  

Орок муниципалдык аймагындагы  Н. Абдраев көчөсү, ал эми Новопавловка МАБда Абшыр — Ата жана Ынтымак көчөлөрү жарыктандырылган. Долбоордун алкагында бардыгы 87ден ашык кубаттуу чырактар орнотулган жана тармактын ишенимдүү иштеши үчүн 3000 метрден ашык өзүн-өзү колдогон изоляцияланган зым (СИП) тартылган.  

Ошондой эле “Арча-Бешик” конушундагы  Ойсул-Ата, Кызыл-Адыр, Асылкеч жана Арча-Бешик көчөлөрү жарыктандырылган. Ал жака 100дөн ашык чырактар орнотулуп, жаңы тармактын узундугу 4260 метр өзүн-өзү колдогон изоляцияланган зымды (СИП) түздү.  

Иш-чарага Ленин районунун акиминин орун басары Ж.А. Токтосунов жана ишкананын жетекчилиги катышты.

Эскерте кетсек, буга чейин “Бишкекжарык” муниципалдык ишканасы Жайыл Баатыр көчөсүн Чортеков көчөсүнөн Алыкулов көчөсүнө чейин узундугу 2,8 км түзгөн көчө жарыктандырылган.  

“Бишкекжарык” муниципалдык ишканасы Бишкек шаарынын жашоочулары үчүн дагы да жарык, ыңгайлуу, жаңы райондорду жарыктандырууну жана учурдагы жарыктандыруу системаларын модернизациялоону улантат.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: