Алардын айтымында, бүгүнкү күндө 974 лифт бар – ИА Караван Инфо
Алардын айтымында, бүгүнкү күндө 974 лифт бар

Бүгүн, 20-январда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети Бишкек шаарындагы лифт чарбасынын учурдагы абалы жана аны жакшыртуу жолдору тууралуу маалыматты укту.

Аталган маселе боюнча депутат Жумабек Салымбеков, Бишкек шаарынын мэриясынын өкүлдөрү маалымат беришти.

Алардын айтымында, бүгүнкү күндө 974 лифт бар, алардын ичинен 547си максималдуу 25 жылдык иштөө мөөнөтүн иштеп чыккан. Бүгүнкү күнгө чейин 220 жаңы лифт орнотулду. “Бишкек шаарындагы эски лифттерди жаңыларына алмаштыруу керек”,- деди депутат Жумабек Салымбеков.

Талкуунун жүрүшүндө депутаттар Талайбек Масабиров, Бекмырза Эргешов, Камила Талиева, Надира Нарматова Бишкек жана Ош шаарларындагы көп кабаттуу үйлөрдөгү лифттердин тарифи, алмаштыруу механизмдери жана тейлөө маселелери тууралуу суроолорду беришти. Депутат Дастан Бекешев Бишкек шаарынын лифт чарбасын жаңылоого каражат бөлүү керектигин белгиледи. Депутат Айсаракан Абдибаева Бишкек шаарынын мэриясынын жана ТЖЭШтин балансында турган лифттердин санын тактады. Талкуунун жыйынтыгында комитет тиешелүү мамлекеттик органдарга эски лифттерди алмаштыруу үчүн насыя берүү жаатында бир катар тапшырмаларды берди.

Мындан тышкары комитет жыйынында Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан демилгеленген «Бухгалтердик эсеп жана аудитордук иш чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору каралып, биринчи окуу колдоого ээ болду. 

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: