Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшан Сабиров эл аралык жумушчу күчүн өнүктүрүү боюнча Япон коомдук фондунун аткаруучу төрагасы Канамори Хитоши жана И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору А. Т. Абдраева менен жолугушту.
Жолугушуунун алкагында өз ара түшүнүшүү жөнүндө үч тараптуу Меморандумга кол коюлду.
Меморандум Япониянын ишканаларында квалификациялуу кадрларга болгон суроо-талаптын өсүүсүн канаттандыруу, Кыргызстандан адистерди сапаттуу даярдоону камсыз кылуу жана аларга Японияда жумушка орношуу мүмкүнчүлүктөрүн түзүүмаксатын көздөйт.
Министр Р. А. Сабиров өлкө жарандары үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү үчүн бул кадамдын маанилүүлүгүн баса белгиледи. “Биз япон коомдук фонду жана И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети менен кызматташуу биздин адистердин кесиптик даярдыгынын жана эл аралык коомчулукка интеграцияланышынын сапатын бир кыйла жогорулатат деп ишенебиз”.
Япониянын коомдук фондунун аткаруучу төрагасы Канамори Хитоши Кыргызстандын демилгелерин колдоого даяр экендигин билдирди: “Биз өлкөлөрүбүздүн ортосундагы адамдык капиталды жана маданий байланыштарды өнүктүрүүгө багытталган кызматташтыкты бекемдөөгө кубанычтабыз.”
И. Арабаева атындагы КМУнун ректору. А.Т. Абдраева университет адистерди даярдоо милдетин өз мойнуна алууга даяр экендигине ишендирди.
Меморандумга кол коюу Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү жолундагы маанилүү кадам болуп калды. Бул эки өлкөнүн ортосундагы байланышты чыңдап, билим берүү жана эмгек миграциясы боюнча биргелешкен долбоорлордун келечегин ачат.
Маалымат үчүн: 2024-жылдын 6-июлунда Япониянын Өкүлдөр палатасынын мүчөсү, Либералдык-Демократиялык партиянын Башкы Кеңешинин Төрагасы Тосиаки Эндонун сапарынын КР президенти С. Н.Жапаров менен болгон жолугушуусунун алкагындаКыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен Япониянын бир катар мамлекеттик органдарынын (Юстиция министрлиги, Тышкы иштер министрлиги, Саламаттыкты сактоо, эмгек жана бакубатчылык министрлиги жана Япониянын улуттук полиция агенттиги) ортосунда “Белгилүү көндүмдөрү бар кызматкер” деген меморандумга кол коюлган.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/