Валерий Кичин – «Барс» клубунун оюнчусу
Кыргызстандын улуттук курамасынын капитаны Валерий Кичин (2-номер) Караколдун «Барс» футболдук клубу менен бир жылдык келишимге кол койду. Жаңы сезондо футболчу Кыргызстандын Премьер-лигасындагы тарыхый дебютунун бир бөлүгү болот.
Буга чейин ал Ташкенттин «Локомотив» клубунда ойногон.
Эске салсак, Кичин профессионалдык карьерасын «Абдыш-Ата» клубунда баштап, андан кийин «Анжи», «Тюмень», «Торпедо», Минскинин «Динамосу», «Енисей» жана Ташкенттин «Локомотив» сыяктуу командаларда ойногон.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/