Юстиция министрлиги 3-февралдан тартып юридикалык жактарды каттоодо айрым талаптарды өзгөртөт – ИА Караван Инфо
Юстиция министрлиги 3-февралдан тартып юридикалык жактарды каттоодо айрым талаптарды өзгөртөт

Юридикалык жактарды каттоодо жалган даректерди пайдалануу учурларынын көбөйүүсүнө байланыштуу, ошондой эле юридикалык жактарды бир жолку операция үчүн ачуу же атайын иш жүргүзбөө учурларына байланыштуу Юстиция министрлиги юридикалык жактарды каттоодо айрым талаптарды өзгөртөт.

Биринчи, юридикалык жактарды каттоодо жалган даректерди көрсөтүүгө болбойт.

Юстиция министрлигинин буйругу менен менчик же ижара ээсинин макулдук формасынын жаңы үлгүсү бекитилген, анда менчик ээсинин, ижара ээсинин же жайды пайдаланууга берүү укугуна ээ болгон башка ыйгарым укуктуу адамдын нотариалдык макулдугу талап кылынат.

Маалымат үчүн: бул буйрук юридикалык жактарды каттоодо жалган даректерди пайдалануу учурларынын көбөйгөндүгүнө байланыштуу кабыл алынган.

Ошол эле учурда башка өлкөлөрдө юридикалык жакты каттоодо жайды ижарага алуу жөнүндө келишимдин нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү талап кылынышы мүмкүн (Кыргызстандын Юстиция министрлиги менчик же ижара ээсинин нотариалдык күбөлөндүрүлгөн макулдугунун формасын гана талап кылат).  

Экинчи, кыска мөөнөттүү иш-аракеттерди жүргүзүү, кээде алдамчылык схемаларын ишке ашыруу же милдеттенмелерди аткаруудан качуу максатында түзүлгөн “бир күндүк фирмалар” деп аталган көрүнүштөр.  

Алсак, бир уюмдаштыруучуга таандык 10 жана андан ашык катталган юридикалык жактар аныкталса Юстиция министрлиги бир адамга таандык, жогоруда көрсөтүлгөн 10 же андан ашык юридикалык жактарга карата иш жүзүндөгү ишмердигин тактоо жана салык милдеттенмелерин аткаруу үчүн салык органдарына суроо-талап жөнөтүлгөн убакыттка каттоо процессин токтото турат.

Уюмдаштыруучуга таандык 10 жана андан ашык катталган юридикалык жактар болгон учурда шашылыш каттоого берүүгө мүмкүн эмес.

Маалымат үчүн: бүгүнкү күндө юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) бирдиктүү мамлекеттик реестринде бардыгы болуп 183 000 юридикалык жак бар, алардын көпчүлүгү юстиция органдарында каттоо (кайра каттоо же маалыматтарды өзгөртүү) иш-аракеттерин жүргүзүшпөйт жана салык органына салык отчетторун беришпейт, ошондой эле экономикалык, ишкердик, уставдык иштерди жүргүзүшпөйт.  

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-мартындагы № 178 токтому менен бекитилген юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо тартиби жөнүндө Жобонун 40-пунктунун төртүнчү абзацына ылайык, катталуучу (кайра катталуучу) юридикалык жактын уюштуруучусу (катышуучусу) катары чыккан жеке жана (же) юридикалык жакка катталган (кайра катталган) юридикалык жактардын олуттуу саны бар экендиги аныкталган учурда, каттоочу орган бул тууралуу салык органына алардын иш жүзүндө жүзөгө ашырылышын жана тиешелүү отчетторду берүү боюнча мыйзамдардын талаптарын аткарышын текшерүү үчүн кабарлайт. Кабарлоонун формасы каттоочу орган тарабынан аныкталат.

Бул ченем Кыргыз Республикасынын аймагында катталган (кайра катталган) юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) толук жана так эсепке алууну камсыз кылуу, ошондой эле ведомстволук реестрлердин маалыматтык шайкештигине кепилдик берүү жана юридикалык жактардын ишин контролдоонун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында киргизилген, бул салык салуу жаатында мүмкүн болгон укук бузуулардын алдын алууга мүмкүндүк берет.

Бул чаралар юридикалык жактарды каттоого контролду күчөтүүгө, ошондой эле атайын экономикалык же ишкердик ишти аткарбаган жалган уюмдарды каттоону болтурбоо максатында уюштуруучулардын жана компаниялардын ишин кылдат текшерүүгө багытталган.

Үчүнчү, Юстиция министрлиги Кыргызстанда юридикалык жактарды каттоо процесси кыйла жөнөкөй болгондуктан буга байланыштуу көйгөйлөрдүн бар экендигин, бирок жоюу маселеси өтө татаал бойдон кала берерин белгилейт.

Бул ошондой эле кыска мөөнөттүү же бир жолку иш-аракеттер үчүн түзүлгөн, бирок жоюу процедурасынын татаалдыгынан улам салыктык текшерүү маселеси менен байланышкан он миңдеген иштебеген юридикалык жактар жоюлбай калган тенденцияны жаратат.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: