Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов бүгүн, 21-январда Улуттук курама командалардын спортчуларына мамлекеттик сыйлыктарды тапшырып, алардын эл аралык аренада Кыргызстанды таанытуу боюнча жетишкендиктерин белгиледи.
“Сиздердин жетишкендиктериңиздер — бул күч-аракеттин гана жыйынтыгы эмес, бүтүндөй өлкө үчүн сыймыктын белгиси. Сиздер профессионализм, тартип жана туруктуулук аркылуу улуу максаттарга жетүүгө болот экенин көрсөттүңүздөр. Сиздердин жаштарга үлгү катары алдыга жылууга жана жаңы бийиктиктерди багындырууга түрткү бересиздер. Биз кыргыз спортун мындан ары да бекемдеп, бизди жаңы жеңиштер менен кубантасыздар ишенебиз”, – деди министр өз сөзүндө.
Сыйлыктарга ээ болгондор:
1. III даражадагы “Манас” ордени:
o Сейитбек уулу Мунарбек, Бокс боюнча курама команданын мүчөсү. 2024-жылы Париж Олимпиадасындагы жетишкендиги өлкөдөгү боксту өнүгүшүнө зор салым кошкон.
2. Кыргыз Республикасынын “Ардак грамоталары”:
o Айболот Аманов, түрк күрөшү (ашырмалы аба күрөш) боюнча курама команданын мүчөсү.
o Мирлан уулу Бахтияр, түрк күрөшү (ашырмалы аба күрөш) боюнча курама команданын мүчөсү.
Министрлик спортчуларга спортту өнүктүрүүгө кошкон зор салымдары үчүн терең ыраазычылык билдирет. Алардын жеңиштери өлкөнүн дүйнөлүк аренадагы кадыр-баркын бекемдеп, жаш спортчуларды жаңы жетишкендиктерге умтулууга шыктандырып келет.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/