Баткенде коррупциянын алдын алууга багытталган маалыматтык жыйындар өтүүдө, деп билдирет президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн, Укук тартип коопсуздук жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн адистери, мамлекеттик органдардын жетекчилери жана кызматкерлери менен жер жерлерде жолугуп, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык же башка кылмыштар үчүн жоопкерчилик күчөтүлгөнүн белгилеп, аталган мыйзам боюнча кеңири маалымат берүүдө.
Коррупциянын түрлөрү, кылмыш-жаза кодекстин максаттары жана милдетери тууралуу маалымат жеткирилүүдө.
Белгилей кетсек, маалыматтык жыйындар президент кол койгон “Коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү КРнын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” КР Мыйзамындагы өзгөрүүлөр боюнча өтүүдө.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/