Коргоо министрлигинин кампасында турган 4 млн. сомдук материалдык баалуулуктар уурдалганы аныкталды
Аскер прокуратурасы тарабынан Коргоо министрлиги менен биргеликте Бишкек турак-жай пайдаланууну камсыздоо базасында жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө, борбордук кампасында сактоодо турган 4 млн сомго бааланган материалдык баалуулуктарды мыйзамсыз ыйгарып алуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты.
Бул факт боюнча Аскер прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) жана 210-беренеси (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) боюнча кылмыш иши козголду.
Учурда мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу иштери менен бирге кылмышка тиешелүү башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/