КР президенти Режеп Тайып Эрдоганга көңүл айтты – ИА Караван Инфо
КР президенти Режеп Тайып Эрдоганга көңүл айтты

Президент Садыр Жапаров Болу провинциясындагы мейманканада чыккан өрттүн кесепетинен адамдар курман болгондугуна байланыштуу Түркия Республикасынын президенти Режеп Тайып Эрдоганга көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.

“Түркия Республикасынын Болу провинциясындагы мейманканада чыккан өрттүн кесепетинен адамдар каза болду деген суук кабарды кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына аза кайгысын тең бөлүшүп көңүл айтам, ал эми жабыр тарткандардын тез арада сакайып кетишин каалайм”, – деп айтылат Мамлекет башчысынын телеграммасында.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: