Жогорку Кеңештин комитети Соода-өнөр жай палатасынын 2021-2024-жылдардагы ишин карады – ИА Караван Инфо
Жогорку Кеңештин комитети Соода-өнөр жай палатасынын 2021-2024-жылдардагы ишин карады

Бүгүн, 21-январдагы Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин жыйынында Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүү жана ишкердиктин кызыкчылыктарын коргоо боюнча Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын 2021-2024-жылдардагы ишмердиги тууралуу маалымат угулду.

Аталган маселе боюнча Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев баяндама жасады. Анын айтымында, бүгүнкү күндө Палатанын курамына 2500дөн ашуун юридикалык мүчөлөр кирет. Алардын саны жыл сайын өсүүдө, эгерде 2023-жылы 293 мүчө кабыл алынган болсо 2024-жылы 404 мүчөгө көбөйдү.

«Республиканын бардык облустарында Палатанын туруктуу өкүлчүлүктөрү аракеттенет жана ишкерлерге жеринен колдоо көрсөтүшөт», – деген баяндамачы өкүлчүлүктөр аркылуу дүйнөдөгү 45 мамлекет менен кызматташтык жүргүзүлөрүн кошумчалады.

Комитет мүчөлөрү Соода-өнөр жай палатасынын маалыматын эске алып, Кыргызстандын экономикасын ѳнүктүрүү жана ишкердиктин кызыкчылыктарын коргоо боюнча иш-чараларды күчөтүүнү табышташты.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: