«Сосновка» жана «Арал» постторуна убактылуу чектөө кирди – ИА Караван Инфо
«Сосновка» жана «Арал» постторуна убактылуу чектөө кирди

Жайыл районундагы “Сосновка” постунда саат 06:20дан, ал эми Токтогул районунун “Арал” постунда саат 06:30дан тартып оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты. 

Мындай чечим Бишкек – Ош унаа жолунда жол тайгак жана бороон болгондугуна байланыштуу кырсыктардын алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында кабыл алынды.

Кошумча маалымат берилет.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: