Салык салуу үчүн кыймылсыз мүлк объекттеринин ээлеринин ИННдерин тактоо
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик 2025-жылдын 27-январынан 28-мартына чейин кыймылсыз мүлк объекттеринин ээлеринин ПИН/Салык төлөөчүнүн идентификациялык номерин (ИНН) киргизүү боюнча акцияны акысыз негизде өткөрөт. Бул иш-чара адилеттүү салык салууну камсыз кылуу жана менчик укуктарын коргоо максатында жүргүзүлүүдө.
Бул үчүн кыймылсыз мүлк ээлери өздөрүнүн объект жайгашкан жер боюнча Жер агенттигинин филиалына инсандыгын тастыктаган документи менен кайрылышы керек.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/