Суусамыр – Талас – Тараз унаа жолуна чектөө киргизилди
Бүгүн, 22-январь, саа 11:00дөн тарта Суусамыр – Талас – Тараз унаа жолунун 60-чакырымында оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, мындай чечим “Өтмөк” ашуусунда кар жаап жана жол тайгак болуп жаткандыгына байланыштуу кырсыктардын алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында кабыл алынды.
Аталган унаа жолдо тыгындарын болтурбоо жана абалды байкоо максатында ӨКМдин Талас райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн ыкчам топ “Өтмөк” ашуусуна чыгып кетти.
Кошумча маалымат берилет.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/