Жогорку Кеңештин жыйынында “Ыш менен байланышкан экологиялык абал жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин 2023-жылдын 3-майындагы №1147-VII токтомунун аткарылышынын жүрүшү тууралуу маалымат угулду. Ошондой эле Жогорку Кенештин депутаттары Марлен Маматалиев, Бактыбек Сыдыков, Улугбек Ормонов, Камила Талиева, Эльдар Абакиров, Мурадил Сыдыков, Илимбек Кубанычбеков, Медербек Саккараев, Талант Мамытов, Шаирбек Ташиев тарабынан демилгеленген “Бишкек жана Ош шаарларынын аймагында транспорттук тыгындарды азайтуу жана автомобиль транспортунун кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чаралары жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору каралууда.
Ыш менен байланышкан экологиялык абал жөнүндө депутаттарга Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиев жана “Бишкек жана Ош шаарларынын аймагында транспорттук тыгындарды азайтуу жана автомобиль транспортунун кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чаралары жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору тууралуу депутат Марлен Маматалиев маалымат беришти.
Талкуу учурунда депутат Дастан Бекешев ыш менен күрөшүүгө каралган каражаттарды тактап, турак жайларды газдаштырууда жарандарга пайызсыз насыя берүү жагынан көмөк берүү сунушун көтөрдү. Депутат Балбак Түлөбаев унаа тыгындарын жоюуда мэрияны радикалдуу кадамдарга барып, калааны аралап өткөн дарыялардын үстүнөн жол салуу менен метробус жүргүзүү сунушун карап көрүүгө чакырды. Ал эми депутат Сүйүнбек Өмүрзаков шаар аймагындагы орто өнөр жайларда чыгындыларды өрттөгөндөргө каршы рейддерти күчөтүү, башка мекемелер менен биргеликте иш алып баруу маселесине көңүл бурду. Эл өкүлү Бекмурза Эргешов Ош шаарында жайгашкан от казандарын көмүр-отундан башка альтернативдүү булактарга өткөрүү, жаңы салынган көп кабаттуу үйлөрдө өз алдынча жылытуу системаларын куруу сыяктуу маселелерди белгиледи.
Өз кезегинде депутат Жанарбек Акаев Өзгөн районун айланып өтүүчү акы төлөнүүчү жолдорду куруу демилгесин жеке өнөктөштүк аркылуу ишке ашырууга чакырды. Депутат Аманкан Кенжебаев Бишкек шаарында кошумча жолдорду куруу, жол кесилиштерине транспорттук түйүндөрдү салуу маселелерине токтолду. Депутат Бактыбек Чойбеков шаардагы конуштарды толук газдаштыруу маселесине токтолсо, депутат Русланбек Жакышов турак жайларды газга туташтыруудагы кыйынчылыктар, баа саясаты боюнча жагдайга кайрылды. Депутат Гуля Кожокулова Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевге кайрылып, борбор калаада чечилбеген маселелер көп экенин, бирок аларды чечүү боюнча натыйжалуу чаралар көрүлбөй жатканын айтты. Ошондой эле ал Ч.Айтматов проспектисиндеги дарактарды кыюу маселесин көтөрдү. Бишкек шаарынын мэри кыйылган теректердин ордуна жаш көчөттөрдү отургузуу зарылдыгы тууралуу эксперттердин корутундусу бар экенин айтты.
Эл өкүлү Ырысбек Атажанов унаа катализаторлорун көзөмөлгө алуу боюнча ИИМдин маалыматын сураса, депутат Алишер Козуев ыш менен күрөшүүдө мамлекеттик органдардын иш аракеттери натыйжа бербей жатканын белгиледи. Муну менен катар депутат Ош шаарындагы абанын булгануусуна каршы аракеттер, унаа тыгындарын жоюу маселелерине көңүл бурду.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/