Орусиянын Экономикалык өнүгүү министрлиги Кытай бийлиги менен группалык визасыз сапарлардын эрежелерин өзгөртүү боюнча сүйлөшүүлөр башталганын билдирди. Маалыматка ылайык, туристтик топтун минималдуу санын бештен үчкө чейин кыскартуу, ошондой эле болуу мөөнөтүн 15 күндөн 21 күнгө чейин көбөйтүү боюнча талкуу жүрүп жатат.

Документтин долбоору үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында макулдашып, бекитилсе, өзгөртүүлөр келерки жылдан тарта күчүнө кирери күтүлүүдө. Ведомствонун өкүлдөрү ошондой эле туристтердин маалыматтарын жана тизмелерин алмашуу процессин жөнөкөйлөтүү үчүн Орусия менен Кытайдын ортосунда электрондук документ жүгүртүүнү түзүү пландалып жатканын белгилешти.
Мындан тышкары, өлкөлөр визасыз режимде туристтерди ташуу укугуна ээ болгон туристтик компаниялардын тизмесин кеңейтти. Документте азыр 559 компания катталган, бул өткөн жылга салыштырмалуу дээрлик үчтөн бирине көп. Бул чаралар эки өлкөнүн ортосундагы туристтик активдүүлүктү жандандырууга жардам берип, аймактагы туризм тармагын өнүктүрүүгө салым кошору пландалууда.
Сүрөттө: Юрий Смитюк / ТАСС