Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев тыгынды азайтуу үчүн автожолун кеңейтүү туура эмес чечим экенин белгиледи.
“Көчө кеңейген жана көбөйгөн сайын автоунаалар да көбөйө баштайт. Мэриянын тыгынды азайтуу боюнча жакшы чечимин – шейшемби жана бейшемби күндөрү бардык адамдарды коомдук транспорт менен жүрүүгө мажбурлоону эч бир мамлекеттик орган колдоого алган жок. Анан кантип тыгынды чечмек элек? Биз азыр тыгын маселесине келгенде, ондогон адамдарды ташыган коомдук транспортторго эмес, эки-үч адам жүргөн автоунааларга приоритет берип жатабыз. Коомдук транспортко качан басым жасайбыз? Алардын санын көбөйтүп, жарандар бир жерден экинчи жерге көйгөйсүз бара ала турган абалга келмейинче, тыгын маселеси чечилбейт”, – деди Бекешев.
Мэр Айбек Жунушалиев көчөлөрдү кеңейтүү мэриянын планында жоктугун белгиледи.
“Жөө жүргүнчүлөр маанилүү маселе. Биз жолдорду кеңейтүүнү пландаган жокпуз, анткени жашыл зонага, жөө жүргүнчүлөргө, велосүйүүчүлөргө аянттарды сакташыбыз керек. Өткөн жылы коомдук транспортко бөлүнгөн линияны токтото турдук, анткени борбордук алты көчө оңдоо иштерине жабылган болчу. Биз кайрадан коомдук транспортко өзүнчө линия бөлүп берүүнү улантабыз”, – деди мэр.
Ал белгилегендей, учурда линияга 1200 автобус чыгат жана ар кандай долбоорлордун ишке ашуусунун алкагында, ушул жылы дагы 300дөй автобус келиши күтүлүп жатат.
Дастан Бекешев мэрияны темир жолду шаар сыртына чыгаруу идеясынан баш тартууга чакырды. Айтымында, темир жолду чыгаруу менен эле тыгын чечилип кетпейт, тескерисинче, автоунаа азыркыдан да көбөйүп, шаар тыгынга болот. Ал эми темир жол Кара-Балта, Балыкчыдан эл ташыйт, анын калк турмушуна жардамы чоң.
Айбек Жунушалиевдин айтымында, темир жол инвестициялык макулдашуулардын алкагында ишке ашырылат. Болжолдонгон инвестиция – 550 миллион доллар. Бирок мэр белгилегендей, инвесторлор альтернативалык варианттарын сунуштоодо – темир жол көчүрүлгөндөн кийин бошогон жерди алып, ар кандай имараттарды курууну ойлонуштурушкан. Бул албетте, башкы пландын алкагында болоорун мэр кошумчалады.
Дастан Бекешев дагы бир жолу темир жолду жылдыруу идеясынан баш тартууга чакырды жана тыгынды азайтуу үчүн жөө жүргөн жүргүнчүлөргө таандык аянтты кыскартпоо керектигин эске салды.
Спикер Тургунбек уулу Нурланбек дагы Европада тыгынды азайтуу үчүн автоунаа жолун кичирейтишкенин, анткени, автоунаа айдоо ыңгайсыздыкты жаратса, элдин баары коомдук транспортко же жөө жүрүүгө өтөөрүн кошумчалады.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/