Кыргызстан менен Россиянын ТИМ башчылары кызматташтыктын кеңири спектрин талкуулашты – ИА Караван Инфо
Кыргызстан менен Россиянын ТИМ башчылары кызматташтыктын кеңири спектрин талкуулашты

Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун чакыруусу боюнча 2025-жылдын 21-22-январында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Россия Федерациясына расмий сапар менен барды. Бул тууралуу КР ТИМлен билдиришти. 

Кыргызстан менен Орусиянын тышкы иштер министрлери эки тараптуу актуалдуу маселелердин кеңири чөйрөсүн, анын ичинде саясий, соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө мындан аркы кызматташуунун негизги багыттарын кеңири талкуулады.

Анда Кыргыз Республикасынын ЖККУга төрагалыгынын приоритеттери белгиленип, эл аралык уюмдардын жана интеграциялык бирикмелердин, атап айтканда, БУУ, КМШ, ЕАЭБ, ШКУ ж.б. алкагында кызматташтыкты чыңдоо маселелери тууралуу пикир алышуу болду.

Министрлер тараптардын 2024-жылдагы өз ара аракеттенүүсүнүн жыйынтыктарын жогору баалап, эки өлкөнүн мамлекет жана өкмөт башчылары тарабынан жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга, ошондой эле үстүбүздөгү жыл үчүн жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги сапарларды жана жолугушууларды уюштуруу пландарына өзгөчө көңүл бурушту.

Министр Ж.Кулубаев андан сырткары миграция маселесине да кенен токтолду.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен Россия Федерациясынын Тышкы иштер министрлигинин ортосундагы 2025-2027-жылдарга кызматташуу программасына кол коюлду.

Расмий сапардын жүрүшүндө министр Ж.Кулубаев Белгисиз жоокердин мүрзөсүнө гүлчамбар коюп, Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында курман болгон советтик жоокерлерди бир мүнөт унчукпай туруу менен эскерди, ошондой эле Россиянын тышкы иштер министрлигинин Кырдаалдык – кризистик борбор департаментинин ишмердүүлүгү менен таанышты.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: