30-майда Өзбекстан Республикасынын Маданият министри Озодбек Назарбеков менен Билим берүү, илим жана маданият боюнча Ислам уюмунун (ИСЕСКО) башкы директору Салим бин Мохаммед аль-Маликтин жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушууда Самарканд 2025-жылы “Ислам дүйнөсүнүн маданий борбору” болуп бекитилишине байланыштуу быйыл Өзбекстанда бир катар иш-чараларды өткөрүү пландалып жатканы айтылды.
Максаты – ислам цивилизациясы менен байланышкан өлкөлөр менен маданий кызматташтыкты мындан ары да бекемдөө.
Жыйындын жыйынтыгында бир катар сунуштар айтылды. “Имам аль-Бухаринин адамзат тарыхындагы орду, илимдин өнүгүүсүндөгү баа жеткис мурасы” деген темага арналган Ислам дүйнөсү илимпоздорунун экинчи эл аралык конференциясын өткөрүү сунушталды. Ошондой эле ИСЕСКОго мүчө мамлекеттердин маданий мурастар боюнча комитетинин жыйынын өткөрүү пландалууда.
Сүрөт: Өзбекстан мусулмандар башкармалыгынын басма сөз кызматы