Ала-Бука - Жаңы-Базар - Кировка унаа жолу кар күрткүдөн тазаланып ачылды
Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Ала-Бука – Жаңы-Базар – Кировка унаа жолу кар күрткүдөн тазаланып ачылды. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.
Маалыматка ылайык, аталган унаа жолунун 155-160-чакырым аралыктарында катуу бороондон улам кар күрткүсү пайда болуп, унаа жол убактылуу жабылган.
Жерине тиешелүү техника тартылып, натыйжада жол толук тазаланып ачылып, өтө албай калган унаалар өз багыттары боюнча жүрүүдө.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/