Өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык боюнча айыпталган жаран Испаниядан экстрадицияланды
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин координацияланган иш-аракеттеринин жыйынтыгында жабырлануучуларга 60 млн. сомго жакын зыян келтирген, өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык боюнча айыпталган Кыргызстандын жараны Испаниядан кармалып, экстрадициялоо иштери ийгиликтүү аяктады.
Аталган экстрадиция Испаниянын укук коргоо органдары менен активдүү өз ара аракеттенүүнүн жана эл аралык кызматташуунун натыйжасында ишке ашырылды.
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан кылмыш жоопкерчилигине тартуу максатында эл аралык келишимдердин алкагында издөөдө жүргөн адамдарды экстрадициялоо боюнча активдүү иштер улантылууда.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/