Бишкектин көчөлөрүн кардан тазалоо иштери уланууда
Бишкектеги “Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери көчөлөрдү кардан тазалоо иштерин улантууда, деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 23-январь, саат 8:00дө атайын 85 бирдик техника жана ишкананын кызматкерлери иштөөдө.
Ошондой эле, Бишкек шаарынын көчөлөрүн кардан тазалоого 37 МАЗ базасындагы кар тазалоочу машина, 10 Шахман КЖМ (комбинацияланган жол техникасы ), 2 фронталдык жүктөгүч, 24 шыпыргы жана күрөктөрү менен «Беларус» тракторлору , 4 “УКМ-2500” универсалдуу коммуналдык машинасы жана 4 шыпыргысы бар «Бопкат» катышууда.
Белгилей кетсек, 22-январдан тарта ушул убакытка чейин 767 тонна техникалык туз сарпталды.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/