“Алтын Казык” брендиндеги ноутбуктардын сапаты текшерилүүдө – ИА Караван Инфо
“Алтын Казык” брендиндеги ноутбуктардын сапаты текшерилүүдө

Жыл жаңыргандан бери Кыргызстандын мугалимдерине арналган “Алтын Казык” брендиндеги ноутбуктардын белгиленген техникалык талаптарга шайкештиги текшерилүүдө. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты. 

Маалыатка ылайык, текшерүүнү компетенттүү адистерден куралган комиссия жүргүзүүдө.

“Комиссия мүчөлөрү ноутбуктарды иштетип көрүп, аларга жүктөлгөн программалык продуктулардын актуалдуулугун текшерип, техникалык талаптарга шайкештигин аныкташууда. Коюлган талаптарга жооп берген ноутбуктардын алгачкы партиясы 22-январда Каракол шаардык билим берүү бөлүмүнө өткөрүлүп берилди”, – деп айтылат билдирүүдө.

Ноутбуктардын кийинки партиялары жыл ичинде министрликтин башка аймактык билим берүү бөлүмдөрүнө да белгиленген тартипте өткөрүлүп берилет.

Эске сала кетсек, бул ноутбуктар И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин “Технопарк” мекемесинин базасында чогултулган.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: