Балыкчыда катуу шамал катталып, эки адам жабыркады
Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында бүгүн, 23-январда алдын ала маалымат боюнча, таңкы саат 06:22 чамасында катуу шамал катталган. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.
Маалыматка ылайык, батыштан соккон ылдамдыгы секундасына 28-34 метрге чейин жеткен.
Шамал Балыкчы шаардык аймактык ооруканасынын чатырын учуруп, жугуштуу оорулар бөлүмүнүн терезесин сындырып, натыйжада 2 жаран жабыркаган.
ӨКМден алардын абалдары туруктуу, учурда дарыгерлердин кароосунан өтүп жатышкандыгын билдиришти.
Жерине тактоо иштерин жүргүзүү үчүн Балыкчы шаардык №19 ӨКБдан ыкчам топ тартылды жана шаардык Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан тактоо иштери жүргүзүлүүдө.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/