Ошто Ак-Буура дарыясынын нугундагы мыйзамсыз курулуштар буздурулууда – ИА Караван Инфо
Ошто Ак-Буура дарыясынын нугундагы мыйзамсыз курулуштар буздурулууда

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан Төлөйкөн айылында Ак-Буура дарыясынын нугун буруп, мыйзамсыз курулуп калган объекттер, анын ичинде “Мөл-Булак” эс алуу жайын бузуу иштери жүргүзүлүп жатат.

Буга чейин тиешелүү кызматтар тарабынан суу коругуна курулуп калган курулуштардын ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө тийиштүү архитектуралык уруксат кагаздары жок экени аныкталган.

Аталган жайлардын ээлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, тиешелүү билдирүүлөр берилген.

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов 24-декабрда аталган объекттерди жеринде көрүп чыгып, дарыянын нугун калыбына келтирүү, мыйзамсыз курулуштарды буздуруу боюнча тапшырмаларды берген.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: