Кыргызстандагы беш жогорку окуу жайда илимий-изилдөө борбору түзүлөт – ИА Караван Инфо
Кыргызстандагы беш жогорку окуу жайда илимий-изилдөө борбору түзүлөт

Билим берүү жана илим министрлигинде 22-январда Дүйнөлүк банктын колдоосу менен ишке ашып жаткан «Жогорку билим берүүдөгү сапат жана инновациялар» долбоорун талкулоо боюнча жумушчу жыйын өттү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Белгилүү болгондой, долбоордун алкагында Ош мамлекеттик университетинде, Кыргыз улуттук университетинде, Кыргыз улуттук агрардык университетинде, Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында жана Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде илимий-изилдөө борборлору түзүлөт.

Максаты – жогорку кесиптик билим берүүдөгү илимий-изилдөө иштеринин жана программаларынын сапатын жогорулатуу, ошондой эле алардын эмгек рыногуна ылайык келишин камсыз кылуу.

Иш-чарада министрдин орун басары Расул Абазбек уулу бул долбоор көп адамдардын эмгеги менен ишке ашып жатканын белгилеп, эми биргеликте «Башкысы – жыйынтык» деген ураан менен жигердүү иш алып баруу керектигин айтты.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: