Депутат Динара Ашимова демилгелеген «Климаттык иш жөнүндө» мыйзам долбоору талкууланды – ИА Караван Инфо
Депутат Динара Ашимова демилгелеген «Климаттык иш жөнүндө» мыйзам долбоору талкууланды

Бүгүн, 23-январда Жогорку Кеңештин депутаты Динара Ашимова демилгелеген «Климаттык иш жөнүндө» мыйзам долбоору тегерек столдо талкууланды. Иш-чарага депутаттар Нилуфар Алимжанова, Чингиз Айдарбеков, тийиштүү министрликтердин, бейөкмөт уюмдардын, илимий коомчулуктун өкүлдөрү, экология жана климат чөйрөсүндөгү эксперттер катышты. 

Депутат Динара Ашимова мыйзам долбоору менен тааныштырып, документти эл аралык тажрыйбага жана улуттук практикага таянып даярдаганын билдирди.   Анын айтымында мыйзам долбоору климаттык саясатты жүзөгө ашыруу үчүн укуктук негиздерди орнотуу максатын көздөйт.

«Учурда климат өзгөрүп, техногендик процесстер жүрүүдө. Мөңгүлөр тездик менен эрип, ал эми кышкысын ыш маселеси курч болууда. Дүйнөдө климаттык миграция пайда болору күтүлүүдө  жана ал чоң проблемалар менен коштолот. Биз өз экологиябызды сактоо үчүн шамал, суунун энергиясын колдонууга мүмкүнчүлүгүбүз бар, бирок аны жүзөгө ашыруу үчүн бир климаттык саясатка алып келип, жөнгө сала элекпиз. Климаттык иш аракеттерди жөнгө салуу үчүн ушул мыйзам долбоорун жазып чыктым», – деди  депутат Динара Ашимова. 

Мындан тышкары депутат «Климаттык иш жөнүндө» мыйзам долбоору тышкы карыздарды жашыл демилгелерге алмаштырууга, экологиялык инвестиция тарууга көмөкчү болорун  белгиледи.  

«Өлкө башчы дүйнөлүк чоң трибуналарда экология маселесин байма-бай козгоп, Кыргызстандын тышкы карызын жашыл демилгелерге алмаштыруу тууралуу демилге көтөрүп келүүдө. Азырынча Түркия мамлекети гана көңүл буруп, тышкы карызды экологиялык демилгелерге алмаштырды. Мыйзам долбоору кабыл алынса бул максатты ишке ашырууга жол ачылмак», – деди эл өкүлү.

Тегерек столдун катышуучулары мыйзам долбоору боюнча пикирлерин билдирип, эксперттер өздөрүнүн сунуштарын беришти.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: